Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы 28-июлга чейин созулат. Бул тууралуу гидрометеорология борбору билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарында 35 градуска чейин жогорулайт.

Адистер мындай кургак жана ченемден тыш ысык аба ырайы учурунда күн ачык жерлерлерге көп чыкпай кое туруу керектигин, айыл чарба өсүмдүктөрүн кургатпай сугарып туруу зарыл экенин эскертүүдө.