Нарын облусунун аймагында акыркы жарым жылда 132 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча Нарын облусунун жергиликтүү райондук мамлекеттик администрацияларында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүдө облус аймагында 2022-жылдын 6 айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга карата 13 (9,8%) учур жаш жете электерге карата жасалгандыгы аныкталды. Ачыктап көрсөткөндө, 64 (48,5%) физикалык зомбулук учуру катталса, 68 (51,5%) учур психологиялык жактан зомбулук жасалган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун пайда болушун алдын алуу үчүн райондук администрациялар тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүктөн, район башчыларынын орун басарларына карата “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 435-беренесинин негизинде 5 укук бузуу жөнүндө өндүрүш иши козголду.

Натыйжада сот тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, алар административдик жоопкерчиликке тартылуу менен бирге, ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды.

Облустук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдар менен иштөө, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлүп алып барылат.