Азыркы биздин коомдо ак менен караны ажырата албагандар, кылганды көрбөгөн көрпенделер, оош-кыйыш болуп жаткан дүйнөлүк кризис болуп жатканда тынчтыгыбызга доо кетирген, элибиздин ынтымагын бузган бир канча бузуку, караөзгөй топ пайда болду. Алар чымынды таскара кылып, чычканды пил кылышып, көбүртүп-шабыртышып, ар кандай акылга сыйбаган жомоктору менен элдик бийликти, анын ичинен биздин легендарлуу генералыбыз  Камчыбек Кыдыршаевичти каралоо иштерин жүргүзүүдө.

Мен аларга сөзүмдүн башында эле жооп берейин, бул бузуку топтун максаттары ишке ашпайт жана убара болуп, жалданмаларга акчаларын коротпой эле коюшсун. (Максаттары эмне экенин бүт эл билет). Себеби, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров элдин кызыкчылыгына иштеп жатышат. Буларды Улуу жараткан эгем бүт сыноолорду берип, азапка салып, камырдай ийлеп туруп кыргыз элине жөнөттү. Бул,шерттешкен эки доско буга чейин канчалары бут тосуп, арамдык кылышкан.Бири камап көрдү,экинчиси кидало кылды, үчүнчүсү сатты,кыскасы ар кандай методдор менен кыйнашкан.Ал эмес балдарына чейин жаманатты кылышып, уруп-согуп ооздорун жабуу аракеттерди жасашкан.

Бирок,алардын арамдык иштери ишке ашпай, өздөрүнө тийип, каяктарда жүрүшөт билесиздер. Негизи эле Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевич Теңири Манас колдогон, жолборс жүрөк баатыр эр, жеңиштин символу,духу күчтүү каарман, айкөл жана Улуу Жарткандын сүйөн Уулдары.

Мындай адамдар кылымда бир жаралат, азыр  Манас көчүн улап, экөө эл -жерибиздин жаркын келечегин куруу үчүн улуу жүрүшкө аттанышты. Буюрса, жасап жаткан иштери түшүмүн берип, элибиз, келечек муун үзүрүн көрөт деп терең ишенем.

Бул сөздөрдү жазганда кээ бирлери «пахтакор, жасакер»ж.б  деши мүмкүн. Десе дей берсин, дегендерди мен » оозунан жакшы сөз чыкпаган бузуку, куйту, көөдөнүндө көрөнгөсү жок көр пенделер жана берилгендик (преданность,верность), сатылбаган, сатпаган деген асыл касиеттерди түшүнбөгөн саясий сойкулар деп  түшүнөм.Мен ар дайым чындыкты айтам, таза ишмер, эл үчүн дегендерге жакшы сөзүмдү аябайм.Сөз байлыгым жеткиче мактай алам.

Урматтуу эл-журт, азыркы учурда маалымат каражаттарында Камчыбек Кыдыршаевичтин » ким революция кылам десе, күлүн асманга сапырабыз» деген каардуу сөзүн ар ким, ар кандай талкуулап жатат. Ошонун ичинде Олжобой Шакир деген бузукуга жооп бергим келди. Бул адам өзүн Кыргызстандын 7млн эли колдой тургансып эл менен бийликти кайраштырган чагымчыл билдирүү таратты.

Урматсыз Олжобай Шакир!

7 миллион

элге революциянын кереги жок. Революция сага окшогон бузукуларга, камалып чыккан коррупционерлерге, бийлике жетпей калган арам тамактарга жб керек. Алар 200-500 гө жетет. Революция кылам деген, бийликтен көзү өткөн мечтателдер ушулар. Камчыбек Кыдыршаевич ушул 500 дөй эл бузаар, тынчтыкты  каалабаган макоолорго айтты. Дагы Камчыбек Кыдыршаевич силерге жеңил сөздү айтты, мындай өнүгүп келе аткан өлкөгө тынчтыкты каалабаган саясий сойкуларга, эл бузаарларга мындан да

катуу чараларды колдонуш керек деп эсептейм.Себеби, Кыргызстан бирөө,аны бузукулардан коргоп, көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Ошондуктан, күл сапырганга жетпейли туугандар, силер да кыргызымдын уул-кыздарысыңар, Кыргызстаныбызды бирге көтөрөлү, бир тууга биригип, ынтымак бололу!

Алга Кыргыз Эли!

Сиздерди урматтап Шүкүрбек ЭРКЕБАЕВ