Бишкекке UFCнын мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана белгилүү блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик) келет. Бул тууралуу аралаш мушташ боюнча мелдештин уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка караганда, Eagle Fighting Championship Бишкекте 10-августта аралаш мушташ (ММА) боюнча турнир өткөрөт.

Күйөрмандар Алай каймана аты менен таанылган Бусурманкул Абдибаит уулунун беттешин күтүшүүдө. Ал жеңил салмактагы титул үчүн Расул Магомедов менен беттешет.

постера турнира

Турнирге ардактуу конок катары Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов чакырылган.