25-июлдан 27-июлга чейин Бишкек шаарынын бир нече аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек газ» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарындагы Суванбердиев-Скрябин-Шүкүров-Беларусь көчөлөрү менен чектелген аймакта 2 күн катары менен жаратылыш газы өчүрүлөт.

Жалпысынан аталган аймакта жашаган 35 турак үй газсыз калат.