Өрүктүн баасынын төмөндөшүнүн маанилүү фактору болуп кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги таасир этүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

«Кыргызстанда кумшекердин баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн. Дагы бир себеп — Казакстандын өткөрмө бекети аркылуу товарлардын жай өтүшү. Чек арада өрүк жүктөлгөн унаалардын айдоочулары бир күндөн эки күнгө кармалууда. Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок, казак бажысынан жай өтүп жаткандыктан кезек күтүүлөр жаралууда. Орто эсеп менен күнүнө өрүк жүктөлгөн 6-7 унаа казак чек арасынан өтөт», — деп жазылган маалыматта.