Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Токтомдо КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби, КРнын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жобо, абитyриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо бекитилген.

ЖОЖ жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну лицензия бар болгондо гана жарыялайт.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт: жайкы жана кышкы мезгилдерде. Кышкы кабыл алуу ЖОЖдорго окутуунун наркын төлөө келишимдери менен жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундар үчүн ЖОЖдун кароосу боюнча жүргүзүлөт.

Уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.