Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын алты ай аралыгында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлдү.

“2022-жылдын алты айында өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү”, — деди ал.

Ошону менен катар министр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында жана координациясында 4445 мекеме бар экенин кошумчалады.