Мобилдик интернети эң арзан мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдин экинчи сабын жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу абройлуу британиялык Cable.co.uk порталы 2021-жыл боюнча жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматтарында айтылат.

Дүйнөдөгү мобилдик интернеттин баасы боюнча отчётто рейтингдин авторлору дүйнөнүн 230 өлкөсүндөгү уюлдук операторлордун 6 миңден ашык тарифтик пландарын анализдеп чыгышкан. Изилдөөчүлөр негизги көрсөткүч катары 1 ГБ интернет-трафиктин баасын колдонушкан.

Жарыяланган маалыматка ылайык, Израиль дүйнөдөгү мобилдик интернети эң арзан өлкө болуп чыккан, анда 1 ГБ трафиктин баасы болгону 0.05 долларды түзөт. 1 ГБ интернет-трафиктин орточо баасы 0.15 доллар турган Кыргызстан экинчи орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, бул Cable.co.uk рейтингинде Кыргызстандын акыркы жылдардагы биринчи жетишкендиги эмес: 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республика ошондой эле эң арзан мобилдик интернети бар ТОП-5 өлкөнүн катарында экинчи орунду ээлеген (1 ГБ интернет-трафиги үчүн 0.27 доллар көрсөткүчү менен).

2018-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда мобилдик интернеттин баасы дээрлик 44%га төмөндөгөн, ал эми төмөндөө 2020-2021-жылдары да уланып, болжол менен 28%га арзандаган.

«Бүткүл өлкө боюнча стационардык байланыш өтө жай өскөндүктөн, Кыргызстан негизинен мобилдик интернеттин мүмкүнчүлүктөрүнө таяна баштады», — деп изилдөөнүн авторлору мобилдик интернеттин арзан баасын түшүндүрүштү.

Мобилдик интернеттин баасына кандай факторлор таасир этет?

Британиялык изилдөөчүлөр Кыргызстандагы калктын 99.3%ына жеткиликтүү (КР Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча) интернет-трафиктин жана мобилдик байланыш кызматтарынын наркына таасир эткен бир нече себептерди белгилешти.

  • Ландшафттан көз карандылык: өлкөнүн тоолуу рельефи жана Бишкек жана Ош сыяктуу чоң шаарлардан башка жерлерде көп кабаттуу имараттардын жоктугу, стационардык интернетти массалык түрдө жайылтууга мүмкүн эмес кылат. Демек, 6.7 млн кыргызстандык эл үчүн сапаты жана ылдамдыгы боюнча калышпаган альтернатива болуп мобилдик байланыш интернетке кирүүнүн негизги куралы болуп саналат.
  • Атаандаштык: ири өнөктөштөрдүн заманбап сунуштарына толгон рынок, ошондой эле жеке жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрү болгон атаандаш провайдерлердин болушу интернет кызматтарынын баасына оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн олуттуу айырмаланат.
  • Уюлдук операторлордун өнүккөн инфраструктурасы: 4G стандартынын инфраструктурасын киргизген өлкөлөр, ошондой эле базалык станцияларды курууга жана модернизациялоого, аймагын кеңейтүүгө үзгүлтүксүз каражат салган уюлдук компаниялар адатта рейтингде биринчи орундарды ээлешет. Абоненттерге айына 1-10 ГБ берүү босогосунан ашкандан кийин, мындай мамлекеттер (анын ичинде Кыргызстан, Индия же Италия) рынокто чоң көлөмдөгү же чексиз интернет-трафик сунуштаган тарифтерди ишке киргизе башташат. Демек, мындай өлкөлөрдө 1 ГБ интернеттин баасы өтө төмөн.