Кыргызстандын мектептеринде кайрадан окуучулар үчүн бирдиктүү форма киргизилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер учурдагы мектеп формасын кандайдыр бир себептен ала албай жатса, анда үстү ак, асты кара түрүндөгү классикалык форманы тандаса болот.

«Биз акырындык менен бирдиктүү мектеп формасына кайтышыбыз керек. Билим берүү жана илим министрлиги классикалык версиясын сунуштайт — үстү ак, асты кара», — деди Жусупбекова.

Жусупбекова кошумчалагандай, бирдиктүү (милдеттүү) форма мурунку жылдары коронавирустук пандемияга байланыштуу жокко чыгарылган.