“Франс пресс” агенттигинин АКШ  аскериндеги өздүк булактары Европада россиялык жана советтик  аскер техникалары үчүн ок-дары түгөнгөнүн билдирген. Алардын маалыматында, эми Украина батыштын гана техникаларын иштете алат. Бул тууралуу Би-би-си кабарлайт.

Бирок ага карабай, АКШ Украинага советтик үлгүдөгү куралдарды жөнөтүүгө аракетин көрүүдө. Анткени, аскерлер мындай куралдар менен жакшы тааныш жана аларды кайра үйрөтүп олтурууга туура келбейт.

Андыктан Вашингтон курал-жаракты мурдакы СССР өлкөлөрүнөн издеп, алардын советтик доордо өндүрүлгөн корун сатып алуу максатында иш алып барууда. Ал үчүн өзүнүн таасирин дагы, алдоо жана манипуляциялоо ыкмаларын дагы колдонууда.

Вашингтондун “украин досторуна” жардам берүү аракетти акыркы жолу Азербайжандын борбору Баку шаарында жүргүзүлдү.

Азербайжандын Коргоо министрине таандык ишканасы менен европалык Star Defense Logistics Engineering (SDLE) компаниясы менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы маалым болду. Белгилей кетсек, аталган компания Испанияда каттоодон өтүп, АКШнын Чалгындоо  башкармалыгынын (ЦРУ) көзөмөлү жана финансалык колдоосу  астында иш алып барат.

Американын атайын кызматынын өкүлдөрү SDLE компаниясынын атынан Азербайжан тарапка кайрылып, эскирген советтик курал-жарактарды сатып алуу сунушун киргизген.

Июнь айында Азербайжандын Коргоо министринин дарегине “испандыктар” керектүү курал-жарактын тизмесин жөнөтүп, аскердик кампадагы кор боюнча маалымат сураган. Аларды куралдардын жалпы  көлөмү, саны, мүнөздөмөсү жана чыккан жылы кызыктырат.

Сүйлөшүүлөр көпкө созулбай жыйынтыкталды.  23-июнда испаниялык SDLE компаниясы менен Азербайжандын Device ишканасы 78 миллион доллардык келишимге кол койду.

Белгилей кетсек, Device – Коргоо министри тарабынан көзөмөлдөнүп, аскердик өндүрүш менен алекнет.

Келишим боюнча  “Корнет”, “Виктория”, “Конкора”  жана “Фагот” танкага каршы ракеталарын, зениттик ракеталарга толуктоо катары “Стрела” жана башка оор жана жеңил куралдарды жеткирет.

Макулдашууга кол коюу аземине Азербайжандын Коргоо министринин аппаратынын директору Азар Мамедов жана анын орун басары Эльгар Бахадиров менен испаниялык компаниянын аткаруучу директору Эстрелла Аурелио Хесус катышкан.

Айрым маалыматтарга ылайык, аскердик техника менен куралдар Азербайжандын “транзиттик кампа” катары эсептеген жайларынан жеткирилет. Белгилей кетсек, мындай кампа Иорданияда жайгашып, анда Баку өзүнүн 500 миллион доллардык куралын сактайт.

Бул жагдайга дагы бир көңүл бөлө турган маселе: америкалыктар Киев бийлигинин Донбасстагы чектен чыккан кадамдарына колдоо көрсөтүү менен бирге, эми советтик жана россиялык курал менен камсызданган КМШ аймагында дагы чыңалуу жаратууда.

АКШ бийлигинин курал-жарак издөө аракетинин артынан Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан дагы кысымга кабылышы мүмкүн. Биздин мамлекет АКШнын басымына дуушар болбойбу? Анткени, көпчүлүк үчүн Кыргызстан акыркы жылдары өзүнүн аскердик арсеналын россиялык техника жана курал менен толуктаганы маалым.

Окуянын өнүгүшүнө дыкат көз салып туралы.

Булак: alsadaranews.com

Макаланы которуп, даярдаган Азизбек Ормонов