2022-жылдын 23-июлунда 75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Иванович Шаповалов дүйнөдөн кайтты.

Вячеслав Иванович Шаповалов 1947-жылдын 28-октябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1971-жылы Пржевальск педагогикалык институтуна окутуучу болуп ишке кабыл алынган.

Андан кийин аспирант, доцент, профессор, бир катар борборлордун жана институттардын директору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору, илимий саясат башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

12 поэтикалык китептин, 5 монографиянын, кыргыз поэзиясынын котормолорунун 30дан ашык китебинин автору. Ырлары Россияда, Батышта, ошондой эле кыргыз, казак, украин, осетин жана башка тилдерде жарык көргөн. “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөлүк адабияттагы биринчи олуттуу чыгарма “Манасчынын төрөлүшү” поэмасы француз тилине которулуп жарык көргөн.

Вячеслав Иванович Шаповалов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын коомдук кеңешчиси болгон.

Вячеслав Иванович Шаповаловго мамлекетке сиңирген зор эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” (1993-жыл), “Кыргыз Республикасынын эл акыны” (2006-жыл) ардак наамдары ыйгарылган, ал “Данакер” ордени (2000-жыл), Достук ордени (2003-жыл, Россия Федерациясы), III даражадагы “Манас” ордени (2017-жыл), Түркмөнстандын Президентинин алтын медалы (2002-жыл), Пушкин медалы (2007-жыл, Россия Федерациясы), “Орус-кыргыз достугу” медалы (2012-жыл) менен сыйланган. 2012-Эл аралык орус сыйлыгынын “Поэзия” номинациясынын лауреаты болгон.

Кыргыз коомунун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон Вячеслав Иванович Шаповаловдун элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, Д.А. Ашимбаева, А.Дж. Джунушалиев, А.К.Жаманкулов, А.Б. Бейшеналиев, С.А. Раев, С.А. Аманова, Ч. Эсенгул уулу, М.А. Бектеналиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев, М.А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н.О. Калыбеков, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, С. Станалиев, А. Омурканов, Ш. Дуйшеев, М. Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, К.Ж. Садыков, Г. Базаров, М. Мусаев, М. Абдиев, С. Ишенов, А. Суйундуков, Ж. Сооданбек, М. Сарулу, А.А. Кубат,С. Суслова, Э. Абдыжапаров, Н. Калыбеков ж.б.