Балыкчы-Кочкор темир жолунун Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Коргондор маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлиги тарабынан эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объектилери катары аныкталган.

Ал объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин «Кыргыз темир жолу» ишканасы өзүнө алып, археологдор менен дөбөлөрдүн абалын аныктоону талкуулап, аларды казуу жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алды.

Учурда тиешелүү адистер менен келишим түзүлүп, алар курулуп жаткан темир жолдун эки тарабындагы скифтердин байыркы коргондорун казуу иштерин башташты. Казуу иштери Боз-Бармак тоо массивинде ПК 37+60 жана ПК43+00 тилкесинде узундугу 540 метр болгон участокто жүрүп жатат. Ал эки айга созулат.