Ош шаарындагы жол кырсыктан үч адам көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.

Кырсык 26-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында Гапар Айтиев көчөсүндө болгон.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү кроссовердин айдоочусу рулду башкара албай калып, көчө боюндагы жарнама илинген түркүктү сүзгөн. Кырсыктан автоунаанын ичиндеги үч адам каза болгон.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү окуя болгон жерде көз жумган.

Алар:

  1. Айдоочу Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Россиянын жараны,
  2. Жүргүнчү Г.А.И. 1975-жылы туулган, Россиянын жараны,
  3. Жүргүнчү Б.В.О. 1986-жылы туулган, Россиянын жараны.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Милициядан учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы иликтенип жатканын айтышты.