Министрлер кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин 2022-жылдын 25-июлунда өткөн кезексиз жыйналышынын Кумтөр алтын кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитүү боюнча чечимин колдоого алат. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында маалымдалды.

Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги элге кайрылуусунда Кумтөр кенин Кыргыз Республикасына кайтаруу жөнүндө түзүлгөн макулдашууну өлкөнүн ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүүдөгү чечүүчү учур катары атаган.

Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:

Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүнө өтөт. Ошол эле учурда кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык пайданы өзүндө калтырат.

Мындан тышкары, Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет.

Ошондой эле Centerra Gold Inc тарабынан кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

Кыргыз Республикасына ошондой эле 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кумтөр кени боюнча рекультивациялоо фондун башкаруу да өткөрүлүп берилет.

Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн АКШ долларын төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат жана кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.