Казыбек казалчыны даңазалап, дайынсыз сүрөтүн, обондорун таап,  жыйнагын даярдап, илимий жыйындарды 120 жылдык мааракесине карата өткөрөлү деп демилге көтөрүп Токтобек Асаналиев иним чамынып жүрөт. Мындай пикирин тарых илимдеринин кандидаты Кыяз Молдокасымов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Талантты баалаган, улуулукту барктаган, Казыбек казалчыны даңазалаган Токтобек иниме рахмат!

Кадамжайдан чыккан айтылуу акын Молдо Ниязды кадырлап, ырларын акындарга, таланттарга сунуштап обондуу дастанга айландырып, Фонд түзүп аны жетектеп, жыйнагын жаңыртам деп Омор Соорон уулун шаштырып, аттуу-баштууларды намыстандырып, балдарды окуткан үңкүрдү музейге, айланасын жашыл бакка айландырып, айкелин тургузуп, түбөлүк ысмын калтырам, 200 жылдык мааракесин таптакыр башкача өткөрөм деп Айтмат Азамжанович иним ашыгып жүрөт. Ар бир жасаган иши, алдыга койгон пландары өзүнчө өрнөк!

Өзүнүн кесиби медик болсо да, жазуучу, окумуштуу залкарларды даңазалап, жаштардан өзгөчөлөнүп Алихан Ибраимов деген инимин аракети өзүнчө өрнөк! Кыргыздын кош залкарлары Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кусейин Карасаевдин өмүр баяндарын казып, жыйнактарын басмага даярдатып, мааракелерин татыктуу өткөрөлү деп коңгуроо кагып, бирде кагылып, бирде макталып, Алихан иним баштаган ишимдин аягына чыгам деп чамынып жүрөт. Жогорудагы эки инимен өзгөчөлүгү өзү Таластын кулуну болсо да Түптөн чыккан улуттук залкарларды көтөрөм деп мекенчилдигин көргөзүп келет!

Эгерде кыргызда ушул үч азаматтай болуп он же отуз мыкты чыкса көп таланттар, мыкты тарыхый инсандар, залкарлар даңазаланмак! Бар болгула азаматтар! Силерден өрнөк алчулар улутта көбөйсүн! Улуттун мыктылары даңазаланса, баркталса улутубуз алдыга өсөт! Рух дүйнөбүз өнүгөт!» — деп жазат ал.