Бүгүн Президент Садыр Жапаров ЕБнын КРдагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Эдуар Ауэрди кабыл алды. Дал ушул жолугушуу билгендер үчүн мааниси терең жолугуу болду. Анткени колдо бар алтындын баркы жок деген нерсени Элчи мырза көзүбүзгө сайып  туруп көргөздү.

А киши буга чейин Элчи болуп көптөгөн өлкөлөрдү көрүп, тажрыйбасы мол инсан да кантсе да. Ал  Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, акыркы жылдары өлкөдө жакшы натыйжалар жетишилгенин белгилеп, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын, Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу демократияны өнүктүрүү, сөз эркиндиги, адам укуктарын сактоо жагынан алдыда экенин билдирди.

Мына биз ичтен өзүбүзгө байкалбаган менен сырттан келген кишилерге күзгүдөй эле жарк этип билинип, көрүнүп калат. Ал тургай кошунаңдын үйүнө барсаң деле байкалат да короосу чачылып жүдөп  турабы же көркүнө чыгып жыйналып турганы. Анын сыңарындай чет элдиктерге дароо байкалат да өлкөнүн өркүнү жана эркиндиги, биримдиги.

Эркиндик деген ушул да, эки күндүн биринде көңүлгө төп келбеген нерсени айта калып, плакат көтөрүп, аянтка,  өкмөт үйүнө чуркап чыгабыз. Ушундай көрүнүшту коңшу өлкөлөрдөн көрдүңөр беле. Ар кандай шылтоону айтып туруп ит аткандай тырпыратып салат. А түгүл ажосунун кареги менен тең айланып турушат. А бизде кандай? Өзүңөр салыштыргыла.

Элчинин экинчи баамдаган жагдайы кечээ жакында,  Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу болду, жана ага  жогору баа берди.

Көч бара-бара түзөлөт деген ушул! Азыркы бийликтин жасап жаткан иштерине колдоо көрсөтүп турсак эле ушундай сырттан келген коноктор дароо эле байкап, баамдап турушат. Андан да өлкөбүз эрте бутка туруп, эрте өнүгөт.

Бүгүн ТИМ Кулубаев жыл аягында Эрдоган өлкөгө келерин билдирди. Анда да мыктылыгыбызды, меймандостугубузду көрсөтөлү.

Бакыт Кара-Балта ш.