Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынынын (2019-жылдын 29-майы) Протоколунун аткарылышынын жүрүшүн, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, COVID-19 пандемиясына карабастан, тараптар экономика, соода, стандартташтыруу, айыл чарба, транспорт, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, интеллектуалдык менчик, басма сөз, маданият, аймактар аралык өз ара аракеттенүү жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүдө оң натыйжаларга жетише алды.

Кеңешмеде ошондой эле инфраструктуралык жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, алардын катарында Чүй айланма каналынын, «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун, беш инженердик курулманын (эки кар көчкүгө каршы, үч эстакадалык көпүрө) курулушу, Бишкектин автожолдорун реабилитациялоо ж.б. бар.

Экономикалык өсүштү, интернет-коммерцияны стимулдаштыруу жана өз ара сооданы жогорулатуу максатында кыргыз тарап Alibaba Groupтун филиалын биздин өлкөдө ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Комиссиянын кытай бөлүгүнүн төрагасы, эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү өкүлү – Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь да Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикасына оң баа берди.

Ал инновация, жашыл экономика жана гидроэнергетика, тоо-кен жана мунай иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо, инвестиция жана аймактар аралык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу кызматташууга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Ван Шоувэнь белгилегендей, кытай тарап Чүй айланма каналын, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга, Бишкектин жолдорун реабилитациялоого жана башка долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

Ошондой эле ал кытай тарап Кыргызстандын продукциясын (анын ичинде айыл чарба продукциясын) Кытай рыногуна экспорттоону жогорулатууга аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Буга катар кытай тарап Инвестиция жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча кыргыз-кытай жумушчу тобунун алкагында Ишкерлер кеңешин түзүүгө даярдыгы тууралуу маалымдады.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, пандемия жана ага байланыштуу карантиндик чаралар ишке ашырылышына тоскоолдук келтирген пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууда бардык чараларды көрүүгө ниеттерин билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү программасына жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынынын протоколуна кол коюшту.