Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы «Борбор Азиянын чакырык кубогун» жана Бишкек шаарынын мэринин кубогун жеңди.

Эл аралык мелдеш Бишкекте өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын курама командалары катышкан.

Финалдык беттеште Кыргызстан менен Түркмөнстандын волейболчулары күч сынашты. Жыйынтыгында кыргыз спортчулары 3:2 эсебинде жеңишке ээ болуп, алтын медаль тагынса, түркмөнстандык волейболчулар күмүш медаль алышты.

Ошондой эле Казакстандын волейболчуларына коло медаль тапшырылды. Алар 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык спортчуларды 3:0 эсебинде утушкан.