Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө» министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.

Токтом долбоорунун негиздемесине ылайык, оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болорун эске алуу менен оюн-зоок ишинин түрлөрүнө төмөнкүдөй тарифтерди белгилөө сунушталат:

– республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн сегиз жүз кырк миң эсептик көрсөткүчкө (84 млн сом) барабар, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчтүн (42 млн сом) өлчөмүндө, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына эки жүз элүү эки миң эсептик көрсөткүчтүн (25 млн сом) өлчөмүндө;

– оюн-зоок автоматтар залдары үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө (42 млн сом) барабар;

– букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн жүз беш миң эсептик көрсөткүчкө (10,5 млн сом) барабар.