«Түндүк электр» ААКсы эртең, 29-июлда Бишкек жана Чүй облусунда карызын төлөбөгөн 4 миң абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSТС (Касса-24)», «Megacom», «О!» терминалдары, «О!», «MegaPay», «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банка, «Оптима Банк» жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. «Түндүк электр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

«Түндүк электр» абоненттерин жарыкка болгон карызды өз убагында төлөөгө чакырат.