Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Бишкек шаары боюнча Тез жардам кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Алар COVID-19дун белгилери бар адамдарга жардам берет. Чакыруу боюнча барып алгачкы текшерүү, оксигенотерапия (кислород менен дем алдыруу) кызматтарын көрсөтүп, муктаждык жаралса ооруканага жаткырат.

Бейтаптар суроо жаралса саат 09:00дөн 18:00гө чейин 0 703 307 307 номерине чалса болот.