Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Автовнештранс» компаниясынын базасында ун чыгаруучу ишкана салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана Ысык-Көл облусун ун менен камсыздайт. Ошондой эле жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.