2022-жылдын 28-июлунда ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин Ведомстволор аралык мониторинг жумушчу комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”  Жарлыгын ишке ашыруунун негизинде түзүлгөн. Ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу комиссияны түзүүнүн максаты жолдордо коопсуздукту камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо болуп саналат.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар “Унаа” Мамлекеттик ишканасынын жалпы аткарган ишмердиги — автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иштөөчү, ыйгарым укуктуу мекеменин аткарган иштери менен таанышышты.

Тараптар транспорт каражаттарды каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү иштерин жүргүзүүдө көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.

Аталган отурумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ККИКнын Башкы катчысы Нурипа Муканова, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоев катышты.

Отурумдун модератору Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясынын төрагасы, ИИМдин КК төрагасы, КР Президентине караштуу ККИКнын кеңешинин мүчөсү, КР Президентине караштуу ККИКнын ведомстволор аралык мониторинг жумушчу тобунун төрагасы Ялкун Даутов болуп, ал кеңешменин катышуучулары менен учурашып, күн тартибинде каралып жаткан маселелерди билдирди.

ИИМдин “Унаа” ММнын жетекчиси Рустам Джокоев мекеменин Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө Ведомстволор аралык мониторинг комиссиясынын катышуучуларына экскурсия өткөрдү, ошондой эле кызматкерлердин иши менен тааныштырды (практикалык таанышуу). Отурумдун катышуучуларына ишмердиктеги санариптештирүүнү киргизүүдөгү жасаган иштери тууралуу айтып, Ички иштер министрлигинин «Унаа» мекемеси, мезгилдин талаптарына шайкеш келүү үчүн, мындан ары да кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өркүндөтүүгө аракеттенип келет деп сөзүн жыйынтыктады.

Отурумдун жүрүшүндө Нурипа Муканова сөз сүйлөп, “Унаа” ММнын ишинде оң жагы бар экендигин белгиледи. Бирок, ага карабастан өзүнүн бир катар сунуштарын айтты.

Жыйынтыгында, ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу комиссиянын катышуучулары “Унаа” ММнын ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытындагы сунуштарды айтышты.

 ИИМдин Басма сөз кызматы