Ким от менен ойносо, ал сөзсүз түрдө өзүн өрттөйт, деп билдирди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Си Тайвань маселесине тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө катуу нааразылык билдирди. Жооп катары Байден Вашингтон Тайвандык сепаратизмди колдобой турганын, бирок аралдын статус-квосун өзгөртүү боюнча бир тараптуу аракеттерге каршы экенин билдирди.

Буга чейин Кытайдын Коргоо министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапары менен барса, “карап отурбай турганын” эскерткен.

Тайванда бүгүн Кытай менен тирешүүдө «баскынчы күчтөргө» каршы аба-десанттык машыгуулар өтүүдө.