Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына карай колдонуудагы тарифтерди сактоо чечими кабыл алынды.

Буга катар электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн электр энергиясына жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилди.

Демилгечи катары чыккан Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, электр энергиясы үчүн жогорулатылган тариф боюнча төлөөгө даяр жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, керектөөчүлөрдүн жаңы категориясы – “Электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдаланган калктын категориясы» киргизилүүдө.

Жарандардын бул категориясы үчүн электр энергиясын көп керектөөчүлөр катары тариф колдонулат, б.а. 252,0 тыйын × 2,0 коэффициент, же 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 504,0 тыйын. Тариф керектелген электр энергиянын жалпы көлөмүнө тиешелүү, мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт.

Жаңы тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулуп, электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.