Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата,  көркөм сүрөт музейинин фондундагы юбилейлик жылын белгилеп жаткан сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Көргөзмө Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп, 1-сентябрга чейин уланат.

Сүрөт көргөзмөдө 70-80-жылдардагы көркөм жана декоративдик-прикладдык искусство көркөм жана стилистикалык багыттардын көп түрдүүлүгү жана өз ара таасири, салттарга кайрылуусу, жанрдык түзүлүштүн эволюциясы, тематикалык диапазону жана чыгармачыл инсандардын көп түрдүүлүгү менен айырмаланган,  А.Садыкова, С. Торобеков, З.И Шаршеева, Ж Артыкбаев,  К Асанакунова, А.Д.Болокова, Э. Кылычбеков. Дж., Маленкулов Э. Токтогонов жана  Г. Турдиева сындуу  сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт.

“Алар өз эмгектерин Кыргызстанга, анын берекелүү жерине, кайталангыс жаратылышына, маданиятына, укмуштуудай элине өздөрүнүн эң сонун чыгармаларын арнашкан. Өзгөрүп жаткан дүйнөдө искусство да сөзсүз өзгөрөт. Бирок андан аркы өнүгүүнүн бардык өзгөрүүлөрү жана өйдө-ылдыйлары менен бул сүрөтчүлөрдүн эмгектери Кыргызстандын көркөм маданиятынын бир бөлүгү болуп калгандыгы талашсыз бойдон кала берет”, — деп айтылат маалытта.