Бүгүн, 30-июлда Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандан улам кыян жүрүп, унаалардын жолдон өтүүсүнө тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу редакциябызга окуянын күбөлөрү видео жолдошту.

ӨКМден билдиришкендей, саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырымдарында сел жүрдү. Жол каттамы эки тараптуу жабык (көлөмү такталууда).

“Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана ӨКМнын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулары тартылды. Мындан тышкары Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 5 куткаруучу, №32 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч кошулду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат маалыматта.