Бүгүн, 1-августта күндүз Ысык-Көл облусунун басымдуу аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +23…+28
Талас облусунда +26…+31
Баткен облусунда +31…+36
Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36
Ысык-Көл облусунда +22…+27
Нарын облусунда +22…+27
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +31…+33 градуска жетет.
Чолпон-Ата шаарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы +23…+25° болот