Жаш кезден эрке өсүп ар дайым сюрприз жасаганда жана алганды жакшы көрчүмүн. Бирок тагдыр мага ушундай күтүлбөгөн сюрприз жасайт деп үч уктасам түшкө кирбеген.

Жогорку окуу жайды бүтүрүп, кесибим боюнча иштеп калдым. Үйдөгүлөр «жашың келди турмушка чык, калып каласың» дешип отурсам турсам кулагыма куюп жатышты. Алардын айтымында мендей жумушу диплому бар кыздар өтүмдүү болушат экен. Мен аларга  турмушка чыгуу керек деп эле кез келген адамды ээрчип кете бербешимди айтам.

Ошентип күндөр өтүп бир жигит менен таанышып калдым. Жашы менден 3 жашка улуу. Таанышкан күндөн тартып, көңүлүмө карап, түрдүү белектер менен сюрприз жасап турат. Бир жылга жакын сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Үйлөнүп эле эки айдай кайын журт менен жашап, өзүбүзчө шаарга бөлүнүп чыктык.

Күндөр өтүп тамакка табитим тартпай, башым айланып ооруп калдым. Доктурга барсак балалуу болорубузду айтты. Кубанычыбызда чек жок. Эркек бала болсо мындай ысым беребиз, а эгер кыз болсо бул ысымды коебуз деп күндө балага ысым тандайбыз. Убакыт өтүп курсагым билинип баштады. Ай сайын врачка барып турам, «буюрса баары жакшы» деген  сөзду угуп кубанычтуу үйгө келем. Бүгүн да эртең менен күн салкында барып келейин деп врачка кеттим.

— Ой азаматтар, жакшы жетилип келе жатасыңар, дагы 2 ай чыдасаңар балаң экөөң кучакташып эле, жытташып жатып каласыңар, — деди мени караган дарыгер эже.

Баланын жакшы өсүп жатканын угуп, жакшы сезим менен үйгө жол алдым. Бул убакта мени жолдошумдун  кезектеги сюрпризи күтүп жатыптыр.

Биринчи кабаттан көтөрүлүп жатканда эле баланын ыйлаганы  угулду, анын жанында бир аял анан эркектин үнү чыгат. Улам тепкичтен өйдө көтөрүлгөн сайын чуу биздин үйдөн  чыгып жатканын билдим. Эшикти ачсам үйдүн ичинде кичинекей 2 жаштагы баласын жетелеген бир келин турат. Баласынын өң келбети, басканы жолдошумдун эле көчүрмөсү. ДНК жасап деле кереги жок, кудум мурдунан эле тушкөндөй. Бул сюрприз мени эстен тандырды. Көрсө буга чейин эч кимге «үйлөнбөгөн, өмүр бою бойдок» жүргөн жолдошумду минтип  баласы издеп келиптир.

Тагдырдын тамашасын карасаң. Сүйлөшүп жүрүп таштап кеттим деген кызы, жакшынакай төрөп артынан баласын жетелеп келди. «Бул андай бала эмес эле» деп элдин баары таң калышууда.

А мен кийимдеримди чогулттум да дос кызымдын үйүнө келдим. Ырасында ата-энеме «жолдошумдун баласы издеп келди» деп айткандан айбыктым. Азыр дос кызымдын жанында бир ыйлап, бир күлүп эмне кылаар айламды таппай турам. Курсактагы балам эмне болот? Алдырууга өтө кеч, жолдошума кайра баргым келбей турат. Бир кызды боозутуп, боздотуп таштаган адам мени балам менен кантип карап, кантип багат. Экинчиден жанагы «мунун баласы бар» деп жулкунуп келген кыз деле бизге тынч жашоо берчүдөй түрү жок. Айлам кетип айрылыш жолдо турам, арабызда алдабай түз айтып, коркпой кадам таштаган эркектер аз калгандай.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.