2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды).

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).

Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.

Ошондой эле, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.