Таэквондо ITF боюнча курама команда Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү  29-31-июль күндөрү, Амстердам шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан  жалпы 6 медаль менен кайтышты. Анын 2 алтын, 4 күмүш.

«12-13 жаштагылар арасында, 45 кг салмак даражада Диана Ким жана 14-17 жаштар арасындагы  60 кг салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти.

Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмак даражада Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында  Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээлери болушту”, — деп айтылат билдирүүдө.