Экс-муфтий Максат Токтомушев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына бардык акча каражаттарды кайтарып берди. Бул тууралуу МДБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев бардык каражаттарды толук кайтарып берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Максат Токтомушев өзү да каражат толук кайтарылганын билдирип, бирок так суммасын атаган жок.

Эскерте кетсек, Максат ажы Токтомушев 2021-жылдын 10-февралында УКМК тарабынан кармалган. УКМК ал ажыга бар турган адамдар төккөн каражаттарды колдонууга байланышкан каржы мыйзам бузууга шектелип кармалганын билдирген. 12-февралда ал үй камагына чыккан.