Мындай пикирин Айнура Темирбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, «Кумтөр» кени боюнча акыры акыйкаттык орноду.

«17 жылдан ашык Интерфакстын Кыргызстандагы кабарчысы катары экономика жана бизнес маселелери боюнча иштеп, жыл сайын, квартал сайын «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча иштерди чагылдырып турдум. Ал эми алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча маалыматтардан тышкары, ошол кездеги бийликтин сунушу менен «Кумтөр» долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн 67%дан 26%га өзгөртүлгөнү тууралуу айтып турдук. Ал эми мындай көңүлдү чөктүрүүчү маалыматтарды жеткирүү ар дайым өтө өкүнүчтүү жана азаптуу болчу, буга кантип жол берилгени. Ар бир жолу бул карактоо «ишендирүүчү» аргументтер менен кооз жабдылчу, бирок алар айткандай, адамдар бир нерсени түшүнбөшү мүмкүн, бирок бардыгын жакшы сезишчү. Акыры акыйкаттык орноду», — деп жазат ал.