2022-жылдын 3-август күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов  Чүй облусунун Москва  районунун жашоочулары менен жолугушту.  Эл менен жолугушууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев катышты. Бийлик өкүлдөрүнө Москва районундагы орчундуу көйгөйлөрдү, өздөрүнүн арыз-даттанууларын жеткирүү үчүн жолугушууга 400 ашык жергиликтүү тургундар келишкен. Бүгүн маданият үйүнүн тегерегиндеги маселелер, жер тартыштыгы, жол, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу,  мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздиги, жөлөк пул, аз пайыздуу кредит берүү,  билим берүү, айыл-чарба тармагындагы, мектеп интернатындагы көйгөйлөр, соттук териштирүүлөр боюнча айтышып, аны чечип берүүлөрүн суранышты.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча суроолор берилди. Буга ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жооп берип, жарандардын кайрылууларын жеке көзөмөлүнө аларын айтып, ИИМден келген жетекчилерге мыйзам чегинде чечип, жообун берүүлөрүн тапшырды. Алсак, Төмөн-Суу айылынын жашоочусу кылмыш ишин кароо убактысы созулуп жатканын билдирди.

Эске салсак, бул жолугушуулар

өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана  жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары бийлик өкүлдөрүнө элдин маселелерин чечип берүү үчүн келишкени үчүн ыраазычылыгын билдиришип, мындай жолугушууларды тез-тезден өткөрүп турууну суранышты.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы