Максат айылындагы 100 орундуу, жалпы долбоордук-сметалык баасы 25000000 сомду түзгөн, жаңы балдар бакчасынын курулушу аяктап, сырдоо жана бакчанын айланасын жашылдандыруу иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Ушул эле айылдагы 49 млн. сомдук калкты таза суу менен камсыздоо, айылдын ички көчөлөрүн тегиздөө иштери да ойдогудай жүрүүдө.

Ал эми Интернационал айылындагы 45 млн. сомдук 100 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери аягына чыгып калды.

БУУнун “Айыл жергесинде үй алдындагы канаттууларды багып-өстүрүүнү туруктуу өнүктүрүүнү колдоо” долбоорунун алкагында 35 адамга 1540000 сомдук тоок жана жабдыктар берилди. Раззаков айылында 1000000 сомдук кол өнөрчүлүк ишканасы ачылып, айыл чайканасы оңдолууда. Булак-Башы айылынын ички көчөлөрү тегизделип, айыл аймагындагы ички арыктарды бетондоо үчүн 80 тонна цемент сатылып алынды.

Кулунду-Раззаков ирригациялык системасынын 350 м. аралыгын бетондоо иштери (1570000 сом) аяктап, ушул эле каналдын сыйымдуулугун 12 м.кубга кеңейтүү иштери жүргзүлүүдө. Каналдын баш курулмасы менен 2600 м. аралыгы бүттү (150000000 сом).

Майты участкасында 70 гектар жерге “Жашыл чек ара” интенсивдүү бак долбоору ишке ашырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин 1,8 км. аралыкка электр энергиясын жеткирүү үчүн чубалгылар тартылып, 20 000 түп көчөт олтургузулган. 1000 куб.м. сыйымдуулуктагы бассейн курулуп, насос орнотулуп, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы наркы – 48 000000 сомду түзөт.

Возможно, это изображение дорога

Автор Абдиллабек Авазбеков