Социалдык түйүндөрдө жашы жете элек кызды унаада эки адам коркутуп, уруп жаткан видео боюнча жаңы жагдайлар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы тургуну С. кызы Г. экендиги аныкталган.

Өспүрүм кыз окуя тууралуу 8-июнь күнү Э.Б. аттуу жаран (кылмышка шектүү) шериги Х. аттуу жаран менен “Эмнеге кайрымдуулук фондуна элден түшкөн 10 миң сом акчаны уурдап кеттиң?” деп кызды себепсиз уруп жатканда Э.Б. видеого тарткан. Андан кийин Э.Б.нын унаасы бузулуп, кызды такси менен Ноокат шаарына салып жиберген деген көрсөтмө берген.

Андан сырткары денесинен жаракат алгандыктан коркуп үйүнө барбай жүргөндүгүн билдирген. Ал эми тергөө учурунда шектүү Э.Б. окуя 2020-жылы болгон деп билдирген.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.