Бүгүн, 3-августта Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. Кырсыкка Mitsubishi унаасынын айдоочусу уктап кеткендиги себеп болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Коопсуз шаар» камераларынан алынган маалымат боюнча, 2-август күнү саат 16:00дө Mitsubishi унаасынын айдоочусу, 39 жаштагы Т.Т. аттуу жаран Бишкектен Ысык-Көл облусуна чыгып, 3-августка караган түнү саат 2:12де борборго кайтып келген. Саат 4:42де Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен өтүп, кайра Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткен.

Эртең менен саат 7:20да Кызыл-Өрүк жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда рулда уктап калып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Анда Чолпон-Атадан Бишкекке бара жаткан 18 жүргүнчүнү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.