Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвиге Пакистандагы суу ташкындоо кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

«Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары Пакистан Ислам Республикасынын бардык аймактарына адам өлүмүнө алып келип, чоң материалдык зыян алып келгендиги тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Биз азыркы оор мезгилде орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.