Бүгүн, 4-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 963 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 586 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 398 куб метрге жетүүдө.