18-июль күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Агроаптеканын кеңсесинде орнотулган сейфтен 260 миң сом акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул билдирүү шаардык милициянын КБРне катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Келген милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап чыгыпшып, кеңсе кызматкерлери менен маектешип, кылмышкерлер Агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан. Анан алар сактоочу жайдан ачкычтарды алып, сейфти ачышып, 260 миң сом акча каражатын ээлеп алышкандан кийин белгисиз тарапка качып кетишкенин түшүнүшкөн.

Кылмышкерлердин имараттын ичин жакшы билгендиги жана анын кандай жайгашканын так билүүсү, кылмыш иликтөө кызматкерлерин уурулукка түздөн-түз ушул кеңседе иштеген кызматкерлердин тиешеси болушу мүмкүн деген божомолго алып келген. Кеңсенин кызматкерлерин кайрадан сурашып, алар берген көрсөтмөлөрүнүн ар бир убактысы минутасы менен кылдат текшерилди. Баарынын темирдей алибиси бар болчу.

Ыкчам кызматкерлер активдүү иликтөө иштерин токтоткон жок. Кылмышкерлер мекеменин ички иш графигин жакшы билишкен деген божомол ыкчам кызматкерлердин оюн тынч койбоду. Анда алар мурда бул кеңседе иштегендерди текшерүүнү чечишти.  Мындай чечим өзүнүн ийгиликтүү жемишин берди.

Ыкчам кызматкерлердин көңүлүн Каракол шаарында убактылуу жашаган, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А. бурду. Коңшуларынын көрсөтмөсүнө боюнча, ал жакында эле ижарага алган батиринен көчүп кеткен, бирок кайда кеткенин билишкен эмес. Көчүп кеткен күнүн текшергенде Агроаптекадагы уурулук болгон күнгө дал келген.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан облустун жана республиканын коңшулаш ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жиберилип, ошондой эле Чек ара кызматына кабар берилип, кароол карточкасы коюлган. «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арадан өтүүдө, чек арачылар «Агроаптеканын» кеңсесинен ири суммадагы акчаны уурдаган шектүү жаранды кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул уурулук фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.