Бүгүн, 4-августта президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу  билим берүү жана илим министрлиги  маалымдады.

Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Бекитилген форма боюнча конкурска катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  2. паспорт/инсандын күбөлүгү;
  3. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо баллы менен (GPA) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
  4. программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  5. чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
  6. жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  7. эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Документтердин топтомун: https://edu.gov.kg/announcements/102/ шилтемесиндеги формага тиркөө керек.

Документтерди онлайн кабыл алуу 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин топтомун кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-кабинетке тапшыруу керек.

Эске салсак, 11-майда президент Садыр Жапаров чет жерде окуп жаткан жаштарга дем берүү, алардын кайтып келип, өлкөгө кызмат кылуусуна шарт түзүү максатында «Эл үмүтү» программасы иштелип чыкканын жарыялаган. Ага ылайык, чет өлкөнүн алдыңкы 100 окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер мамлекеттик стипендия менен камсыз болот.