11-14-августта Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.

3-августта Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолукту.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Кушчубеков Штифтерди Венгрия ТИМинин мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары болуп дайындалышы менен куттуктап, 11-августта КР маданият күндөрүнүн ачылышында Будапештте музыка борборунда гала-концерт өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

«Концертке белгилүү музыканттар, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, элдик ырчылар, комуз аткаруучулар, манасчылар катышып, андан тышкары мода көргөзмөсү өтөт. Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз сурөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Штифтер Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирип, маданият күндөрүн белгилөөгө венгриялык тараптын катышуусуна ишендирди.