1-сентябрдан тарта коомдук тамактануучу жайлар ата-мекендик өндүрүштөгү алкоголсуз суусундуктарды сатууга милдеттендирилет. Бул тууралуу токтом долбоору 1-августта Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлган.

Ага ылайык, коомдук тамактануучу жайларда сатууга коюлган суусундуктардын 50% ата-мекендик өндүрүш болушу керек.

Токтомду Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган. Максаты ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Министрлик мындай норма Дүйнөлүк соода уюмунун жана ЕАЭБдин алдындагы эл аралык милдеттемелерин бузбай турганы, рынокко чыгуунун бирдей шарттарын түзөрү белгилеген.

Булак: ПолитКлиника кж