«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 4 экспресс-лаборатория иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ПЧРге анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын 4 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн.

Алар:

  • Бонецкий лабораториясы;
  • Medikana Plus;
  • AMSBIO lab;
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясы.

Маанилүү: «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, — деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.