Жаңы окуу жылында мектептик форма мурдагы жылдардагыдай болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
«Эгерде окуучуларда форма бар болсо, ошону кие берсе болот. Эгер ата-энелер үчүн форма тандоо кыйын болсо, балдарын классикалык түрдө кийинтиши керек — астында кара, үстүндө ак», – дешти министрликтен.
Эске салсак, өткөн жылдары эпидемиологиялык кырдаалга жана онлайн-окутууга байланыштуу бирдиктүү форма талап кылбоо чечими кабыл алынган.
Булак:bilim.akipress.kg