Бүгүн, 5-августта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмүнүн кызматкерлери Жапалак айыл аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар ичинде мыйзамсыз орнотулган 18 жарнак такталары алынды.

«Аталган айыл аймактагы рейддин жүрүшүндө жарнак объектилерин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 5 буйрук жана эскертүү берилди», — деп айтылат билдирүүдө.