9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, параддык форманы курама команда 9-август күнү Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат.

Возможно, это изображение 4 человека и люди стоят

«Параддык форманы Ата Мекендик “BAIRA” мода үйү даярдады. Ал эми, спорттук экипировка “JOMA” компаниясына таандык», — деп айтылат маалыматта.

Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят

Эске салсак, март айында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте  “Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда” аттуу сынак жарыялаган. Анда дизайнерлердин эмгектери кабыл алынып, сынактын 2-турунда коомчулуктун тандоосуна коюлган. Жыйынтыгында параддык жана спорттук экипировка тандалып алынды.

Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан,  спорттун жалпы 16 түрүнөн 158 киши катышат катышат.

Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят

Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и обувь