Сочиде Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүсү аяктаганын «РИА Новости» билдирди.

Сүйлөшүүлөр төрт сааттан ашык убакытка созулду.

«Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды», — деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Песков.

Ошол эле учурда ал жолугушууда башка документтерге, анын ичинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалбаганын тактады.

Өз кезегинде, Эрдоган сүйлөшүүнүн алдында энергетика, туризм тармагындагы кызматташуу, Кара деңиз аркылуу буудай ташуу маселеси жана Сириядагы абал талкууланарын айткан.