Кечээ, 5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

М.Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.